Коронавируска кабылганын билген дарыгер өз жанын кыйды

Коронавируска кабылганын билген дарыгер өз жанын кыйды

Италиянын Монца шаарчасынын тургуну коронавирус менен ооруганы аныкталган соң өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиргенин «super.kg» жазды.

34 жаштагы Даниэла Трецци Монца шаарчасындагы ооруканалардын биринде медайым болуп иштеп келген. Анда акыркы кезде коронавирустун белгилери байкалып жаткандыктан, 10-марттан тартып карантинге алынган. Ал тапшырган тесттен коронавирус оорусу аныкталганда, башкаларга да жугузуп алышым мүмкүн деген коркунуч күчтүүлүк кылып, өз өмүрүн кыйган. Даниэланын кесиптештери ал вирус жуктургандан бери коронавирусту башкаларга жайылтып алдым окшойт деп катуу стресске түшүп жүргөнүн айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>