Коронавируска каршы күрөштүн эсебине түшкөн акчанын 38,8 млн сому медиктерге жумшалат

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине түшкөн акчанын 38,8 млн сому медиктерге жумшалат

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке келип түшкөн акчалардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат.

Мындай чечимди атайын эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алганын Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

31-март саат 14:30га карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 млн 559 миң 307сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине  которулган.  

Эскерте кетсек, 19-мартта коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган.

Кийин ал акчаларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына 12 адам кирген.

Комиссиянын чечимдери жөнүндө коомчулукка туруктуу негизде маалымдалып турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>