Кожобек Рыспаев профсоюз маселесин кайрадан көтөрдү

Кожобек Рыспаев профсоюз маселесин кайрадан көтөрдү

Мамлекеттик мүлктөрдү каалагандай колдонгон профсоюз кызматкерлерин көзөмөлгө алуу керек деп айтып чыксам жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулукка терс мааалымат таратып салышты. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Биз депутаттар мыйзам жазып жатсак профсоюздар федерациясынын кызматкерлери депутаттардын кабинеттерине кирип, кабинеттен-кабинет кыдырып жүрөт. Директорлор кеңешиндеги 28 киши мамлекеттин ичиндеги өзүнчө мамлекет болбосун! Өкмөткө тапшырма берели, биз бул мыйзамды иштеп чыгып, өткөргөнгө чейин бир да мүлк сатылбасын. Мына, «Достук» мейманканасын сатабыз деп дүрбөп жатышат, андан бөлөк Ысык-Көлдөгү, турбазадагы жерлерди сатып жибергени, айтор айта берсе өтө көп маселелер бар”, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек Кожобек Рыспаев 12-сентябрда болгон парламент жыйынында профсоюздар федерациясынын акыркы аракеттерине нааразы экенин айтып, алар профсоюздар тууралуу мыйзам жазып жаткан депутаттардын кабинеттерине кирип, ортого тааныш-билиш салып жаткандарын айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>