Кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, соттук жыйынга төрагалык кылган судья Эмил Кайыпов ооруп калганына байланыштуу сот отуруму 10-декабрга жылдырылды. Ал айыпталуучуну угууларга алып келбөө үчүн сураныч жөнөтөт. Иштин акыркы тому менен таанышууга өзү жана Атамбаев үлгүрө албагандыгын айтты.

Белгилей кетсек, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна айыпталуучулардын бири — Алмазбек Атамбаев сот залына алып келинген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>