Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум 29-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтуусунда, мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

«Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тарткан. Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Ага операция жасалары маалым болду», — деди жактоочу.

Аталган иш боюнча жалпы 19 адам айыпталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>