Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөөгө альпинистер тартылды — сүрөттөр

Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөөгө альпинистер тартылды — сүрөттөр

Кумтөр алтын кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөөгө альпинистер дагы кошулду. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Кызматкерлер жоголду делген үйүлгөн жараксыз катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

«Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат.
ӨКМден, Кумтөр ишканасынан, кинологдор ж.б. Мамэкотехинспекциянын тоо-кең адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп,  коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 94 куткаруучу 18 оор техника иштеп жатат«, — деп жазылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 14981,14980,14979,14978,14977″ limit=»36″ crop=»none»]

Белгилей кестек, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Изделип жаткан жумушчулар 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен 47 жаштагы Жолошбек Жунушев экени аныкталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>