Кумтөр алтын кенинин иши токтоп турат

Кумтөр алтын кенинин иши токтоп турат

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турат.

Ишкананын басма сөз катчысы Марина Гаврилова тоо-кен иштерин жүргүзүш үчүн иш планы бекитиле элек экенин, жумуш качан жанданары белгисиз болуп жатканын айтты:

— Иштегенге уруксат жок болгондуктан, бардык иштер убактылуу токтотулган.

1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Алар — тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев. Андан бери жумушчуларды издөөдөн майнап чыга элек.

Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири болуп саналган Кумтөрдү канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет.

Бул кенде 2016 жана 2017-жылдары да адам өлүмү менен аяктаган кырсыктар болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>