Курман айт 10 же 11-августта белгиленсе, кыргызстандыктар 3 күн эс алат

Курман айт 10 же 11-августта белгиленсе, кыргызстандыктар 3 күн эс алат

Быйыл Курман айт август айынын 10 же 11 деп болжолдуу белгиленген. Бирок Муфтият так күндү белгилей элек. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эгер Курман айт дем алышка туш келсе, Эмгек кодекси боюнча эс алуу кийинки иш күндөрүнө туура келет. Тактап айтканда 10-же 11-августта Курман айт белгиленсе ишемби же жекшемби күнгө туура келет. Эгер мындай боло турган болсо, дүйшөмбү, 12-август дагы эс алуу күнү болмокчу. Учурда аталган министрлик Муфтияттын жообун күтүп жатат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>