Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды

Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын райондук соттон кабарлашты.

Белгилей кетсек,  Курсан Асанов 27-августта үй камагына алынган. Ушул эле күнү анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

Курсан Асанов 8-август күнү Атамбаевдин кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп,  13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы  далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып таккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>