Курулуш компаниясына алданып калгандар президентке кайрылды — видео

Курулуш компаниясына алданып калгандар президентке кайрылды — видео

Бишкекте «Санат Инвест» курулуш компаниясына алданып калган үлүшчүлөр президентке кайрылды. 

Алар 1,6 миллон доллар төлөп, бирок 6 жылдан бери курулбай келген көп кабаттуу үй май айында соттун чечими менен бузула турганын айтышып, тынчызданышууда.

“Урматттуу Сооронбай Шарипович, биз акыркы үмүт менен сизге кайрылып жатабыз. Учурда биздин абалыбыз абадан оор. Бул курулушка 43 үлүшчү акча төлөгөн. Аалардын балдары, үй бүлөсү бар. Бул тууруалуу бардык органдарга кайрылдык. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Урматттуу президент, бизди кабыл алып, көйгөйүбүздү чечип берүүңүздү суранабыз”, — деген алар.

«Санат Инвест»  курулуш компаниясы Тыныстанов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерге 2014-жылы 10 кабаттуу үйдүн курулушун баштаган. Бирок адегенде ошол аймактагы жашоочулар курулушка каршы болгон. Андан кийин Бишкек шаардык мэриясы курулуш мыйзамсыз тургузулуп жактанын аныктаган.  Үй куруп беребиз деп элден акча жыйнап алган компания ээлери бүгүнкү күнгө чейин үлүшчүлөргө үй салып бербей же акчаларын кайтарбай келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>