Кылычбек Саркарбаевдин ордуна убактылуу жетекчи келди

Кылычбек Саркарбаевдин ордуна убактылуу жетекчи келди

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин убактылуу Кубатбек Дубанаев жетектейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Кубатбек Дубанаев шаардык спорт комитетинде 2009-жылдан бери башкы адис болуп эмгектенип келген. Ага чейин Ош облустук туризм, дене тарбия жана спорт комитетинде иштеген.

Буга чейин шаардык спорт комитетин жетектеп келген  Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулунун андан запкы жегенин айтып чыккандан кийин ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>