Кыргызстан жана Өзбекстан эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жетикирүүнү айтышты

Кыргызстан жана Өзбекстан эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү  500 млн долларга жетикирүүнү айтышты

Бүгүн, 1-августа премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган тараптар өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө бирдей умтулуу керектигин айтышты. Бул сумма эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев тарабынан белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анын ичинде өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык, айыл чарба жана энергетика тармактарында кызматташууну талкууга алышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>