Кыргыз-казак чек арасы: Жүк ташуучуларды өткөрүү иши жанданды

Кыргыз-казак чек арасы: Жүк ташуучуларды өткөрүү иши жанданды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташуучуларды өткөрүү иши жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Кыргызстанга «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» аркылуу — 26 унаа  келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан кеткен. Жүк унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө.

Жүктөрдү арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жана Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продукция ташууга убактылуу тыюу салган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>