Кыргыз-Казак чек арасындагы жаңжалдан 8 киши каза болду

Кыргыз-Казак чек арасындагы жаңжалдан 8 киши каза болду

Жамбыл облусунун Кордай районундагы массалык мушташтан 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге таянуу менен жазып чыгышты.

«Массалык баш аламандыкты токтотуу учурунда кызматын өтөп жүргөн полиция кызматкерлери дагы жаракат алышты. Укук коргоочулардын экөөнө ок тийди (каза болгон жок). Учурда жаңжалдын 47 катышуучусу кармалды. Кармалгандардан эки мылтык алынды», — деген министр.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-февралда кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>