Кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнүн башкаруусуна берилди

Кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнүн башкаруусуна берилди

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратканын «Азаттык» жазды.

Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондон улам түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары башкарууну өзүлөрү колго алууну көздөп келген.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>