Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган 8 жаранга операция жасалды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган 8 жаранга операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркаган 8 жаранга операция жасалды. Операциялар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын азыркы абалы туруктуу.

Алар:

Ж.Б., 1978-жылкы — моюн жагына кирген нерсе чыгарылды. Жакында операциянын экинчи этабы болот.

Р.у.О., 2005-жылкы — моюн жагына кирген нерсе чыгарылды.

Т.у.М., 1996-жылкы — ийини сынып кеткен. Жакында экинчи операция жасалат.

А. З., 1978-жылкы — сол ийининен жат нерсе чыгарылды.

Ы. К., 1976-жылкы — санынан жат нерсе чыгарылды.

У. Р., 1978-жылкы — согончогунан жат нерсе чыгарылды.

С. Ж., 1980-жылкы — омурткасынан жат нерсе чыгарылды.

Б. Г., 1995-жылкы — шыйрагынан жат нерсе чыгарылды.

Жаракат алган жалпы 13 адамдын ону Бишкекте болсо, үчөө Лейлек районунда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>