Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга дарыгерлер жиберилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга дарыгерлер жиберилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жаракат алган жарандарга дарыгерлер жиберилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев жабырлануучулардын абалынан кабар алуу үчүн жерине барганда белгилүү болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна реанимобиль жана хирургдар жиберилди. Чек ара жаңжалынан жабыр тарткандардын айрымдары Баткен облустук ооруканасында дарыланып жатат.

Учурда ооруканада 16 адам жатат. Алардын абалы орточо туруктуу деп бааланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>