Кыргыз жоокерлери Орусияда кыргыз маданиятын даңазалашты

Кыргыз жоокерлери Орусияда кыргыз маданиятын даңазалашты

Орусиянын Тюмень шаарында  Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү  кыргыз элинин маданиятын даңазалаган көргөзмө уюштурушту. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмөдө башка өлкөлөрдүн аскерлери кыргыз маданияты жана улуттук дасторкон менен таанышты.

Иш-чарада тушоо кесүү салты көрсөтүлүп, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты. Анда  Өзбекстан жана Кытайдын өкүлдөрү жеңишке жетип белекке ээ болушкан.

Белгилей кечтек, ушул күндөрү Тюмень шаарында Орусиянын Коргоо министрлигинин демилгеси менен эл «Аскер оюндары — 2019» мелдеши өтүүдө. Ага 25 өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Тюмень шаарында жашаган кыргыз жарандары четте калбай кыргыз жоокерлеринин моралдык духун көтөрүп , күйөрмандык кылышууда.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>