Кыргызпатенттин сынагына 300дөн ашуун өтүнмө келип түштү

Кыргызпатенттин сынагына 300дөн ашуун өтүнмө келип түштү

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жарыяланган «Стартап Кыргызстан» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактысы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына ылайык, келип түшкөн 320 өтүнмөнүн 317си жеке жактардан, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан келген.

Өтүнмөлөрдүн негизги бөлүгү Бишкек шаарынан түшкөн. Ал эми жалпы өтүнмөлөрдүн басымдуу бөлүгү  “Өндүрүш” жана “Агромаданият” тармагына тиешелүү.[su_image_carousel source=»media: 19818,19817″ crop=»none» autoplay=»4″]
Кийнки этапта кандидаттар тандалып,  алар  бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоордун MVPсин түзүү боюнча акысыз окутуудан өтүшөт.

Катышуучулардын тизмеги эксперттик Комиссиянын чечими менен түзүлүп, 20-февральга чейин www.patent.kg сайтына, ошондой эле Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылат.

Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылыдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир стартап долбоорго 500 000 сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.  

Ал эми сынактын финалдык бөлүгү 2020-жылдын 21-апрелинде, Бүткүл дүйнөлүк инновациялык ишмердик күнүндө өткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>