Кыргызстан 11 өлкөнүн жарандарына виза берүү шарттарын жеңилдетти

Кыргызстан 11 өлкөнүн жарандарына виза берүү шарттарын жеңилдетти

Кыргызстан 11 өлкөнүн жарандарына ииза берүү шарттарын жеңилдетти. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, мунун максаты инвестиция, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүүнү көздөмөкчү.

Кыргызстанга кирүүдө виза берүү шарттары жеңилдетилген өлкөлөрдүн тизмеси: Алжи, Бангладе, Египет, Индия, Иордаеия, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка.

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейттин, Катардын, Бруней-Даруссалам мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш же бул өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>