Кыргызстан курамасы Монголияга бир гол киргизди (видео)

Кыргызстан курамасы Монголияга бир гол киргизди (видео)

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга каршы оюнда эсепти ачты.

Алгачкы голду 15 минутада  8-номердеги Гүлжигит Алыкулов киргизди. Ага пасты оң капталдан Мирлан Мурзаев  чыгарган. Азыркы тапта эсеп сандары 1-0.

Беттеш Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы борбордук стадионунда өтүүдө.

Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>