Кыргызстан Кытай менен чек араны жаап,  аба каттамдарды токтотту

Кыргызстан Кытай менен чек араны жаап,  аба каттамдарды токтотту

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту. Мындай чечимди Кыргызстандын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок.

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пунуттары иштеп жатат.

мамлекеттик чек арадан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур  катталса саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.

Буга чейин Өкмөт короновирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча  санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш аракеттердин планын иштеп чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>