Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарындагы «Торугарт», Оштогу «Эркечтам» бекеттеринде, Бишкектеги «Манас» аэропортунда санитардык көзөмөлдөөчү кызматкерлер иштеп жатышат. Ал жерлерде адамдын дене табын өлчөөчү портативдик тепловизорлор да орнотулуп, Кытайдан келгендерди текшерүүдө.

Адамдын өпкөсүн сезгентүүчү жаңы вирус Кытайда декабрдын соңунда аныкталды.

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>