Кыргызстан Кытайдан вирусту аныктоочу 30 миң тест сатып алат

Кыргызстан Кытайдан вирусту аныктоочу 30 миң тест сатып алат

Бүгүн, 25-мартта 112 миң 500 долларга  кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу чечими чыкты. Жакында бул тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилет. Мындай маалыматты коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Аталган штабдын өтүнүчү менен Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарды жана COVID-19 илдетин аныктоочу экспресс-тесттерди алып келүү иштерин жүргүздү.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга ыкчам түрдө Өкмөт тарабынан 22 миң 500 долларга 5 миң экспресс-тест алынып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>