«Кыргызстан» партиясы коронавирус илдети боюнча кайрылуусун жарыялады

«Кыргызстан» партиясы коронавирус илдети боюнча кайрылуусун жарыялады

«Кыргызстан» саясий партиясы бут дүйнөнү каптаган коронавирус илдети боюнча кайрылуусун жарыялады.

Анда коомчулук туруктуулук жана сабырдуулук менен бардык кыйынчылыкатрага бирге турганда гана кырдаалды жеңип чыгууга болору айтылат.

Биздин партия өндүрүшчүлөрдүн партиясы, башкача айтканда көптөгөн партия мүчөлөрү өлкөдөгү ири өндүрүш завод-фабрикаларынын негидөөчүлөрү болуп саналат. Биздин партиялаштар 120дан ашык ата мекендик ишканаларды негизденен.

Ошондуктан, биздин команданын атынан төмөнүлөрдү билдиребиз!

Биринчиден ― Мындай жоопкерчиликтүү кырдаалда бизге тиешелүү ишканалардын иши үзгүлтүкө учурабайт.

Бул күндөрү ишканалар толук күчүндө иш алып барат жана тамак-аш өндүрүшү (ун, ун азыктары, жашылча жемиштер, эт жана дары дармектер) менен толук камсыздай алат.

Экинчиден ― «Кыргызстан» партиясы жана анын мүчөлөрү, кызыл-кулактардын ишин тизгиндеп, бааны жасалма көтөрүүсү менен күрөшөт, бааларды туруктуу сактоого аракетин көрөт.

Биздин катарыбыздагы ун чыгаруучу завод “KazGrain”, “Аю Фарм” фармзаводу, “Макарон өндүрүүчү “Алия” ишканасы, “Касиет” фабрикасы, “Токмок Буллс”, “ЭлСут”, “Artezian”, “Golden Sun”, “Kav&Kev” жана башка көптөгөн “Аю Холдингине” тийиштүү ишканалар, канаттуулар фабрикалар менен курулуш компанияларын саноого болот.

Үчүнчүдөн ― Өлкөбүздөгү соода-сатык коопсуздугун жана импорт алмаштыруу программаларын камсыздап, азык-түлүк тартыштыгынан пайдаланган шылуундарга, бааны жасалма көтөрүүгө жол бербөө үчүн, баардык Ата-Мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү биригүүгө чакырабыз.

Бүгүнкү күндөрү көптөгөн мамлекеттерде улуттук жана жергиликтүү денгээлдеги шайлоолорду жылдыруу боюнча чечимдер кабыл алынып жатат.

Акыркы айдын ичинде Франция, Англия, АКШ, Сирия, Сербия, Испания, Литва, Македония жана башка мамлекеттеринде улуттук же жергиликтүү денгээлдеги шайлоолорду жылдыруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Ошол эле убакытта көптөгөн эл аралык спорт оюндарынын өтпөй турганы белгиленди, алардын ичинде Токиодогу Олимпиада оюндары, Чемпиондор Лигасы, Европы өлкөлөрүнүн футбол боюнча таймаштары ж.б. 

Бир дагы саясый кызыкчылык жарандардын ден соолугунан жана элдин бейкуттугунан жогору турбашы керек.

“Кыргызстан” партиясы 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңешти шайлоо күнүн кийинкиге жылдыруу боюнча сунушту колдойт.

Биздин мекендештерибиз бул сыноону сабырдуулук, көрөгөчтүк менен жеңээрине ишенебиз. Ошондуктан кырдаалдан пайдаланып алапайын таппай турган элдин башын айландырып, коомчулукту дүрбөтүп, ар кандай саясый кызыкчылыкты көздөгөндөргө жол бербейбиз.

 Терең урматыбыз менен, “Кыргызстан” партиясынын Саясый кеңеши жана мүчөлөрү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>