Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам ачкачылык жарыялады

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам ачкачылык жарыялады

Кыргызстанда 200гө жакын өмүр бою эркиндигинен ажыратылган  адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Репортёрго” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

Калыковдун айтымында соттолгондор өздөрүнүн укуктары корголбой жатканы үчүн ушундай кадамга барышкан.

“Ачкачылык жарыялагандар №1, №16, №19, №25 түзөтүү мекемелиринде жана №5 тергөө абагында отургандар. Алар соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдар боюнча өздөрүнүн укуктары корголбой жатканын айтышууда. Алардын ЖАМКга карата эч кандай дооматтары жок, негизи дооматтары прокуратурага жана сотторго багытталган”, — деди Калыков.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 347 адам өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, Кыргызстандагы ар кайсы абактарда жаза өтөп келишет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>