Кыргызстанда өткөн жылда 1,5 млн тоннадан ашык сүт өндүрүлдү

Кыргызстанда өткөн жылда 1,5 млн тоннадан ашык сүт өндүрүлдү

2019-жылдын январь-ноябрь айларында 1 млн 519 миң 313 тонна сүт өндүрүлүп, 2018-жылга салыштырмалуу 35 миң тоннага көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-ноябрь айларына  салыштырмалуу, 2019-жылдын жыйынтыгы менен мал-чарбачылыктын кээ бир түрлөрүнүн көлөмү көбөйдү. Кыргызстанда өткөн жылдын ноябрь айында 108 миң 537, 9 тонна сүт өндүрүлсө, 2018-жылдын ноябрь айында  106 миң 167,3 тонна сүт өндүрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>