Кыргызстанда 25 жыл мурун чыккан учактарды колдонууга тыюу салынды

Кыргызстанда 25 жыл мурун чыккан учактарды колдонууга тыюу салынды

Кыргызстандын өкмөтү чыгарылганына 25 жылдан ашкан жүргүнчү ташуучу учактарды колдонууга тыюу салды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындай өзгөртүү калккка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

“Бул чечим Кыргызстандын жүк аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт”, — деп жзылат маалыматта.

Ал эми чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган жүк ташуучу учактарга тыюу салнган эмес.

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган учактар жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.

Буга чейин 1-марттан тартып «Эйр Манас»  авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек каттамын токтотуу чечимин кабыл алганы кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>