Кыргызстанда дагы 2 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 2 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

25-март күнү саат 15:00гө ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган эки адам бири 1985-жылы туулган жаран Дубай шаарынан учуп келген. Экинчиси 1960-жылы туулган эркек киши Бишкек шарынын тургуну. Ал Испаниядан келген адам менен байланышта болгон. Испаниядан келген адам кайра учуп кеткен.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны:
Ош облусунда – 20 учур
Жалал-Абад облусунда – 19 учур
Бишкек ш. – 3 учур
Чүй облусунда – 1 учур
Баткен облусунда – 1 учур

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>