Кыргызстанда күзүндө «IT EXPO» көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда күзүндө «IT EXPO» көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ушул жылдын күз айларында эл аралык «IT EXPO» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган көргөзмөнү уюштуруу боюнча министр Чыңгыз Айдарбеков жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

Көргөзмөнү эл аралык деңгээлде уюштуруу пландалууда. Ага АКШ, Улуу Британия, Япония, Корея, Германия, Франция, Индия жана башка кызыктар мамлекеттердин IT компаниялары катышат. Мындан тышкары Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы инженер-програмист адистиктеринде билим алып жаткан студенттер дагы чакырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>