Кыргызстанда Курман айт качан болору белгилүү болду

Кыргызстанда Курман айт качан болору белгилүү болду

Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 11-август, жекшемби күнү белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

«2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 11-августта белгилешет. Ал эми 10август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы«, — деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

Эмгек кодексине ылайык,  Курман айт дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күнгө жылдырылат.  Ошентип Кыргызстандыктар 10-11-12-авггуст, 3 күн катары менен эс алат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн  6010 квота бөлгөн. Зыярадчылардын алгачкы тобу 16-июлда ажылык сапарга жөнөп кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>