Кыргызстанда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзам 2025-жылдан тарта күчүнө кирет

Кыргызстанда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзам 2025-жылдан тарта күчүнө кирет

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Алмазбек Эргешов оң рулдуу унаалар менен эл ташыбоого багытталган мыйзам долбоору боюча айтып өттү.

Эргешов оң рулдуу унаалар менен такси кызматына иштебөөгө тыюу салуу мыйзам долбоорун ишке киргизүүнү 2025-жылга жылдырылганын билдирди.

«Учурда өлкө аймагында расмий түрдө иштеп жаткан 138 такси компаниясы бар, алардын карамагында 16 миңдей автоунаа иштейт экен. Бул унаалардын 70 пайызынын рулу оң тарабында экени тастыкталды. Эгерде бул мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизбесек, калктын социалдык абалына терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Анткени ал жакта иштеп жаткан адамдар ошол унаасы менен үй-бүлөсүн багып жатат», — деди эл өкүлү.

Аталган мыйзам долбоору 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>