Кыргызстанда жасалма номер таккан айдоочуларга айып пул салынат

Кыргызстанда жасалма номер таккан айдоочуларга айып пул салынат

ЖКККББ жасалма номер таккан айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмүн көтөрүү керек. Мындай пикирин маалымат жыйынында ЖКККББнын Мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов билдирди.

Ал Кыргызстанда жыл башынан бери жасалма номер тагылган 768 унаа аныкталганын айтып, мыйзам бузган айдоочуларга карата эреже бузгандыгы боюнча протоколдор түзүлүп, унаалар айып короого киргизилген кабарлады.

Эгер сунуш колдоо тапса, эреже бузгандарга 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн.

Ал эми жасалма номерлүү унаалар кантип аныкталарын ЖКККББнын жетекчиси Ыманалы Саркулов айтып берди.

«Коопсуз шаар» долбоорунун системасы эреже бузуулардын көп түрүн аныктай алат. Бирок жасалма номерлер боюнча маалымат базада жок. Буга байланыштуу андай номерлүү унааларды «Розыск» системасы аркылуу кармайбыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>