Кыргызстандагы алдыңкы музыкалык ютуб каналы жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыргызстандагы алдыңкы музыкалык ютуб каналы жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 10-декабрда «SOLO media» музыкалык ютуб каналы жыл жыйынтыгын чыгарып, маданият өкүлдөрүн сыйлоо аземин өткөрдү. Аталган каналда миллиондон ашык көрүүчүлөрдү топтогон ырчылар атайын жасалган статуэткаларга ээ болушту.

Анда «жылдын мыкты мырзасы» наамын ырчы Данияр Эрматов, «жылдын мыкты айымы» номинациясын Айгерим Расул кызы алды. Ал эми ырчы Алмаз Шаадаевдин «Эми мага баары бир» аттуу чыгармасы эң көп көрүүчү топтоп, сыйлыкка ээ болду. Бул чыгарма «SOLO media» музыкалык ютуб каналы аркылуу 30 миллион жолу көрүүнү алып келген. Мындан тышкары чыгармасы миллиондон ашык көрүү алып келген ырчылырга «миллиондор» аталышындагы сыйлыктар тапшырылды.

Маданият өкүлдөрү сыйлыктарды  Жогорку Кеңештин учурдагы жана мурдагы депутаттарынын жана коомдук ишкерлердин колунан алышты.

Белгилей кетсек, «SOLO media» Кыргызстанда катталуучусу эң көп музыкалык ютуб каналы болуп саналат. Каналда бир миллиондон ашык катталуучу бар. Ошондой эле канал расмий түрдө ютубдан бир алтын жана эки күмүш баскычты алган.

«SOLO media» жалгыз бир адамга таандык канал эмес. Анда командалык топ иштейт. Бул каналдын негиздөөчүлөрү болуп журналист, алып баруучулар Кундуз Казыбек кызы жана Бермет Өмүралиева.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>