Кыргызстандагы казак элчисинин миссиясы аяктады

Кыргызстандагы казак элчисинин миссиясы аяктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди  дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын малыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгилеп, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Карим Кокрекбаев, жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>