Айсулуу Тыныбекова тууралуу тартылган документалдык тасманын трейлери чыкты — видео

Айсулуу Тыныбекова тууралуу тартылган документалдык тасманын трейлери чыкты — видео

Америкалык Рейчел Сайн күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу документалдык тасма тартты. Анын трейлери жарыяланды.

Рейчел Сайн тасманы 2018-жылы тартып баштаганын жана ал Айсулуу Тыныбекованын алдыга койгон максаттарына жетерине ишенгенин билдирди.

«Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот», — деп айткан ал.

Сайн бүгүнкү күнү дүйнө чемпионун көрүп коюу оңой эле, бирок бул ийгиликке жетүү үчүн анын күрөштөгү 10 жылын көрүү жөнөкөй нерсе эмес экенин да баса белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>