Кыргызстандык дзюдочулар Хорватиядагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Хорватиядагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандан эки дзюдочу Хорватиядагы Гран-при сериясындагы турнирге катышат. Спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, мелдеш 26-28-июлда, Загреб шаарында  өтөт.

Турнир алдына Кыргыз спортчулары Голландиянын спортчулары менен машыгууларды өткөрүшкөн.

Улуттук курама команданын тизмеси:

Юрий Краковецкий —100 килограммдан өйдө;

Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө.

Спортчуларды команданы машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.

Команданы мелдешке жөнөтүү спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан каржыланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>