Кыргызстандык гиддер дүйнөлүк ири эл аралык уюмдун аккредитациясын алышты


Кыргызстандык гиддер Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) аккредитациясын алышты.  2017 жылдын 16 ноябрдан 29 уна чейин өткөн эл аралык стандарттагы тренинг жана сынактардын жыйынтыгында аталган эл аралык туризм рыногунда эң ири уюмдардын бири болгон (WFTGA) уюмунун сертификациясынан өтүштү.  Катышуучулардын 31и аталган уюмдун аккредитациясын алса, 18 гид машыктыруучу наамына ээ болушту. Бул жетишкендик менен Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногунда алдыга болгон бир чоң кадам жасады.

WFTGA келген эл аралык деңгээлдеги адистер катышуучуларга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө боюнча ыкмаларды үйрөтүштү. Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинин алкагында бул тренингти уюштурду.

22 декабрда WFTGA уюмунун акредитациясынан өткөн бардык гиддерге расмий сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Иш чарага Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов катышып, биролкөдө туризмдин өнүгүшү үчүн гиддердин ролу канчалык маанилүү экенин белгилей кетти.

“Гиддер элчилер сыяктуу эле өздөрүнүн өлкөсүн бөтөн элге таанытууда абдан чоң ролду ойношот. Алардын өлкөбүздү чет элдик конокторго кандай  тартуулаганынан Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногунда кандай орун алаарын көз каранды болот. Гид болуу өтө жоопкерчиликтүү жана бирөлкөнү жайылтууда абдан чоң ролду ойнойт”, деди Азамат Жаманкулов.

USAID туризм тармагында ишмердүүлүктү колдоо, маданий иш чараларды уюштуруу жана Кыргызстанды эл аралык туристтик жарманкелерде катыштыруу аркылуу Кыргызстанда туризмди өнүгүүсүнө чоң салымын кошууну улантууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *