Кыргызстандык Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна 2-орунду алды

Кыргызстандык Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна 2-орунду алды

Кыргызстандык Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду алды. Бул тууралуу «Марал» жазып чыкты.

53 кило салмакта күч сынашкан Билимбек кызы финалда кытайдын балбаны кызы Чжаоцзин Шиге жеңилди.

Кыргыздын балбаны кызы Калмира кечээ жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны, жарым чейрек финалда даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңген болчу.

Бул салмакта Беларустук Алеся Хетманава жана япониялык Сейра Немото коло байге тагынышты.

Болгария борбору София шаарында эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги 29-июлда балталган. Мелдеш 5-августта аяктайт.

Дүйнө чемпионатын unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>