Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат. Фестиваль 24-27-август күндөрү Уфа шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалга 48 тасма катышат. Ага катышуу үчүн Орусиянын 34 аймагынан жана 28 өлкөдөн билдирүү келип түшкөн.

Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат.

«Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Орусия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>