Кыргызстандык жеңил атлетчилер Тегеранда төрт медаль утушту— сүрөт

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Тегеранда төрт медаль утушту— сүрөт

Кыргызстандык сопортчулар Иранда өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта төрт медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 9-10-январь күндөрү Тегеран шаарында болуп, ага кыргызстандык алты спортчу машыктыруучу Андрей Самоловдун жетекчилигинде катышкан.

Мелдеште Гүлшанай Сатарова алтын жана күмүш медаль утса, Ева Кадырова менен Нурсултан Кеңешбеков коло медаль тагынган.

Жыйынтык:

Гүлшанай Сатарова
3000 метр (10 мүнөт 10,14 секунд) — алтын.
1500 метр (4 мүнөт 49 секунд) — күмүш;

Ева Кадырова
60 метр (7,7 секунд) — коло.

Нурсултан Кеңешбеков
3000 метр (8 мүнөт 34 секунд) — коло.
[su_image_carousel source=»media: 18367,18368,18366,18365,18364,18363″]

Сортчулар бул мелдешке Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилген. Дирекциянын бюджетинен 479  миң сом каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>