Кыргызстандыктар эми АКШнын грин-кард лотереясына катыша албайт

Кыргызстандыктар эми АКШнын грин-кард лотереясына катыша албайт

АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн иммиграциялык жана «Грин-кард» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда президент Дональд Трамп тарабынан кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик кабыл алынган чектөөнү Кыргызстандын өз жарандарына берген паспортторундагы коопсуздук чараларынын жетишсиздиги менен байланыштырган.

Эми АКШ Кыргызстандын көпчүлүк жарандарына Америкага иштөө максатында барууга жана жашоого уруксат бербейт. Ошондой эле грин-кард лотереясына катыша албайт. Бирок буга чейин берилген иммиграциялык жана грин-кард визалары жокко чыгарылбайт.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Кошмо Штаттары кыргыз жарандарына мейман визаларын, жана башка, анын ичинде, туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантары айтылат.

Дональд Трамптын демилгеси тарабынан виза берүүгө чек коюлган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандан сырткары дүйнөдөгү эң жакыр жана ашкере коррупциялашкан Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания сыяктуу мамлекеттер бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>