Кыргызстандыктар #МаскAirport хэштеги астында биригишүүдө — сүрөт

Кыргызстандыктар #МаскAirport хэштеги астында биригишүүдө — сүрөт

“Манас” эл аралык аэропорту жалпы кыргызстандыктарды коронавируска каршы беткап кийүү боюнча атайын флешмобго чакырат.

Бүгүн, 23-мартта башталган #МаскAirport аталышындагы флешмобго азыркы тапта жүздөгөн кыргызстандыктардын катышып жатканы айтылууда.

Бул демилге аркылуу аэропорттун жетекчилиги жана эмгек жамааты мекендештерди өздүк гигенаны сактап, коронавируска биргеликте каршы турууга чакырат.

Флешмобдун жобосу боюнча, социалдык тармактарда отурган мекендештерибиз беткапчан сүрөткө түшүп, “Инстаграм” жана “Фейсбук” түйүндөрүнө жайгаштырууга тийиш.

Флешмобдун негизги максаты коронавируска каршы туруу менен бирге, беткап кийбегендерге үлгү болуу болуп саналат.

Катышуучулардын арасында жөнөкөй жарандардан сырткары беткапты жаныбарларга да кийгизгендер болууда.

Флешмоб аэропорттун социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларда өлкөдөгү эпидемологиялык абал жакшырганга чейин уланат.

[su_image_carousel source=»media: 24280,24288,24287,24286,24285,24284,24283,24282,24281,24279″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>