Кыргызстандын аймагына кирген чет өлкөлүк унаалар камсыздандырыла баштайт

Кыргызстандын аймагына кирген чет өлкөлүк унаалар камсыздандырыла баштайт

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында  “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Депутат Таалайбек Масабиров жеке жана мамлекеттик камсыздандыруу компаниялардын бааларында айырма барбы? деген собол салды.

Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абировдун маалыматына ылайык, мамлекеттик жеке камсыздандыруу компанияларында баа бирдей коюлат. Бирок ар бир унаанын маркасына жана жылына жараша баалар коюлган.

Эл өкүлү Масабиров Казакстандын чек арасына өткөндөн кийин чет өлкөнүн унааларына дароо камсыздандыруу полиси берилерин айтып, Кыргызстанда кандай экенин сурады.

Мыктыбек Абиров мыйзам долбоору ишке киргенден тарта 2020-жылдын 1-январынан баштап чет өлкөлүк унааларга камсыздандыруу полиси бериле баштай турганын билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>