Кыргызстандын аймагына тажик чек арачылары кирип кеткен. Себеби айтылды

Кыргызстандын аймагына тажик чек арачылары кирип кеткен. Себеби айтылды

Кечээ, 29-февралда  аймагына тажик чек арачылары кирип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

«29-февраль күнү Лейлек чек ара отрядынын чек арачыларына жергиликтүү туургундан саат 17.30 Сай жерлигинде Кыргызстандын аймагына 30-40 метр кирип кеткен Тажикстандын куралсыз чек арачылар байкалгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге застава башчысы келип тажик чек арачылары жергиликтүү тургунду — Кыргызстандын жаранын көрүп кайра Тажикстандын аймагына кайтканын аныктаган.

Бул факты боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда кыргыз тарап тажик өкүлүнөн Кыргызстандын аймагында Тажикстандын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылган. Тажикистандын чек ара өкүлү тажик чек арачыларынын мамлекеттик чек арадан адашып калгандыгын, бул аймакта инженердик тосмолор болбогондугун айтып, аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзө тургандыгын убада кылды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>