Кыргызстандын аймагында 18-24-январда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Кыргызстандын аймагында 18-24-январда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында 18-24-январда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат таратты.

18-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт,  дыйканчылык аймактарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз  кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-январда күндүз жана 22-январда түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда, 22-январда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-январда түнкүсүн Ыссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз жана 24- январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>