Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасы 0,6 пайызга арзандады

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасы 0,6 пайызга арзандады

Көмүрдүн 1 тоннага болгон чекене баасы 2020-жылдын 9-январына карата 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен  25,14 сомго же 0,6%га арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты.

«Ноокат шаарында көмүрдүн керектелүүчү орточо баасы 7 миң 532,55 сомго (1 тоннага) катталган. Баткен шаарында 7 миң 318,61 сомго катталган. Муну менен катар башка көмүр жерлерде баанын саны өзгөрүүсүз калды. Көмүрдүн минималдуу чекене баасы Балыкчы шаарында 3 миң 694,59 сомго жана Нарын шаарында 3 миң 500 сомго, Чаек айылында 2 миң 500 сомго катталган», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Өзгөндө көмүрдүн бир тоннага болгон баасы — 402,69 сомго же 8,1%, Таласта — 215,71 сомго же 4,2% жогорулаган. Ал эми Баткенде бир тоннага болгон баа — 489,31 сомго же 6,3% жана Токтогул шаарында — 187,51 сомго же 3,9% кыскарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>