Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта алтын, күмүш жана коло медаль утушту

Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта алтын, күмүш жана коло медаль утушту

Кыргызстандын мугалимдери математика, физика жана информатика боюнча Эл аралык чыгармачылык конкурста алтын, күмүш жана коло медалга утушту. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

IMPACT Olympiad аталышындагы сынак 8-январдан 12-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты.

Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул элек мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңген.

Мугалимдердин жана машытыруучулардын бул IMPACT Olympiad  чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен тренерлерди табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>