Кырк чоро: Матраимов биздин оюн эмес, батыштын оюну

Кырк чоро: Матраимов биздин оюн эмес, батыштын оюну

Райымбек Матраимовдун айланасындагы ызы-чуу биздин оюн эмес. Мындай пикирди “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин мүчөсү Уран Рыскулов маалымат жыйыда билдирген.

Акыркы убактарда бардыгы Матраимовдорго каршы чыгып, ага бизди кошулбайсыңар деп күнөөлөп жатышат. Биз билебиз бул биздин оюн эмес, батыштын оюну. Эмне үчун биз бирөөнүн эрежеси менен ойношубуз керек. Матраимов маселеси буга чейин да болгон, а эмне үчүн буга чейин көтөрүлгөн эмес. Эмне үчун батыш азыркы учурда келип алып чаң-будуң салып жатат. Ооба биз Матраимовду күнөөлөйбүз. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп ичип-жеп, ушунча байлыкка жеткен.  Биз өкмөттөн талап кылабыз баардыгын карап чыгуусун.  Бирок аны желек кылып алып ызы-чуу кылганга каршыбыз”, — деп билдирген ал.

Белгилей кетсек 1997-жылдан бери бажы кызматында иштеп келген, «Райым миллион» каймана аты бар,  Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айланасындагы окуяларга чекит коюлбай келет.

 “Азаттык” радиосу өзүнчө жана “OCCRP”, ” Клооп” порталы менен биргеликте бир нече иликтөө жарыялаган.

Анда Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>