Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гумжардам жөнөттү

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гумжардам жөнөттү

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу 26-мартта эртең мененки онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Коңшу өлкөнүн жардамын кечээ, 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырган.

Кытай мамлекетинен 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткап, жана 1 миң даана коргонуучу кийимдер келген. Мындан сырткары 10 миң даана беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>